Анын айтымында, адаттагыдай жашоого кайтып келүүнүн бир гана шарты бар – ал коронавирустан эмдөө.
Америкалык миллиардер жана коомдук ишмер, «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс «NBC» телеканалына маек берип жатып, адамзат канткенде коронавирусту жеңери тууралуу ой-пикирин билдирди.
Анын айтымында, адаттагыдай жашоого кайтып келүүнүн бир гана шарты бар – ал коронавирустан эмдөө.
«Адамдардын нормалдуу жашоого кайтып келишинин жалгыз жолу – аябай эффективдүү жана жеткиликтүү вакцина ойлоп табуу», - деген Билл Гейтс.
Ал массалык эмдөө коронавирустун жайылышына бөгөт коюп, илдетти дүйнөлүк масштабда жок кылууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.
Булак: Баракелде