Беларусь Республикасынын Минск шаарында кечээ дагы нааразычылык акциясы уланды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, күч түзүмдөрү митингчилерге каршы суу чачкыч жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Ал эми күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү калкандар менен чыгышкан. Минск шаардык ички иштер башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча, акция учурунда бир нече адам кармалып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция пункттарына жеткирилген.

9-августтагы президенттик шайлоодо кайрадан Александр Лукашенко жеңип чыкканына нааразы болгон жарандар нааразычылык акцияларын улантып келет. Ал эми жаңы президент ант берүүгө жетишкен.

Булак: Баракелде