Эртең, 11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өтөт.

 Бул — (Тажик ССРиндеги 1990-жылдагы президенттик шайлоону эсепке албаганда) эгемен Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо.

Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык, республиканын аймагында 68 шайлоо округу түзүлүп, анда аймактар жана шайлоочулардын тизмеси көрсөтүлгөн.

Президенттикке беш талапкер: учурдагы президент Эмомали Рахмон, коммунисттердин лидери Мирож Абдуллоев, социалисттердин лидери Абдухалим Гаффоров, аграрийлердин лидери Рустам Латифзод жана экономикалык реформаторлордун лидери Рустам Рахматзодо ат салышууда.

Эмомали Рахмондон башка төрт талапкер Тажикстандын Жогорку Ассамблеясынын Өкүлдөр палатасынын депутаттары.

Тажикстандын Конституциясынын 66-беренесине ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан көбү катышса, президенттик шайлоо өттү деп эсептелет.

Катышкан шайлоочулардын 50%дан көп добушуна ээ болгон  талапкер президенттикке шайланат.

Булак: Маралфм