Учурда жалпы 54 миң 456 адам айыкты.
Өзбекстандын аймагында акыркы сутканын ичинде коронавирус менен жаңы 486 бейтап катталды. Муну менен коронавирус жалпы 57 миң 776 адамга жукту.
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир суткада 3 бейтап каза болду. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуккан 475 бейтап көз жумган.
Учурда жалпы 54 миң 456 адам айыкты. Бул жалпы сандын 94 пайызын түзөт.
Булак: Баракелде