Орусиянын баш калаасы Москвада коронавирусту жугузгандардын саны көбөйүп жатканы үчүн мектеп окуучулары 5-октябрдан 18-октябрга чейин эки апталык каникулга тарайт.

Тиешелүү буйрукка Москванын мэри Сергей Собянин кол койду. Адатта Орусиядагы мектептерде күзгү каникул бир жумага созулчу.

“Санитардык дарыгерлердин сунушу менен, күзгү сасык тумоонун көбөйүшүнө жана COVID-19га чалдыккандардын санынын өсүшүнө байланыштуу окуучулардын күзгү каникулун эки жумага узартуу чечимин кабыл алдым”, - деп айтылат Собяниндин Москва мэриясынын сайтында жарыяланган билдирүүсүндө.

Бул учурда дистанттык сабактар болбойт. Ошондой эле кошумча билим берген мекемелер да эки жума иштебейт. Ал эми Москвадагы бала бакчалар кадимки режимди ишин улантмакчы.

Сергей Собянин ата-энелерди каникул учурунда балдарын үйдөн чыгарбай, жакынкы сейил бактарда сейилдөөгө үндөөгө чакырды.

“Учурда ооруп жаткандардын басымдуу бөлүгү - балдар. Алар көп учурда сипмтомсуз оорушат. Балдар үйгө келип, ооруну оор түрдө өткөргөн чоңдорго жана жашы өткөндөргө жугузушу мүмкүн”, -деп айтылат мэрдин билдирүүсүндө.

Акыркы суткада Орусияда 8232 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын басымдуу бөлүгү Москва шаарына туура келет.

Булак: Азаттык