Париждеги "Le Monde" гезити 22-сентябрда Франция президенти Эммануэл Макрон менен Орусия лидери Владимир Путиндин телефон сүйлөшүүсү жөнүндө макала жарыялады.
Гезиттеги маалыматка ылайык, эки президент 14-сентябрда баарлашкан.
Макрон менен Путин Навальныйдын ууланышы боюнча орток пикир таба алышкан жок. Франция президенти Орусия Навальныйдын ууланышы боюнча иликтөө жүргүзүшү керек экенин белгилеген. Путин Навальный "өзү ууланып алышы мүмкүн" деп билдирген.
Алексей Навальный "Инстаграмдагы" баракчасына Путиндин пикирин “аябай көңүл буруучу версия” деп какшыктаган пост жазды.
Макрон 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-жыйынындагы видео кайрылуусунда Орусияны саясатчы Алексей Навальный өмүрүнө кол салууну териштирүүгө чакырды.
Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп келет.
Өткөн аптада Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду оппозициячыл саясатчы түнөгөн Томск шаарындагы мейманканадан алынган бөтөлкөдөн «Новичоктун» изи табылганын маалымдаган.
Булак: Азаттык