Бразилияда 4,4 млн адамга коронавирус жуккан.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккан адамдардын саны 30 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин 30-сентябрга карата жүргүзгөн эсеби боюнча, жалпы 30 067 758 адамдан Covid-19 аныкталган. Оорунун кесепетинен 945 миң бейтап көз жумду.
- Оору жуккан адамдардын саны боюнча 1-орунда Америка турат (6,6 млн адам);
- 2-орундагы Индияда 5,1 млн адамга;
- 3-орундагы Бразилияда 4,4 млн адамга коронавирус жуккан.
Булак: Баракелде