Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 28 миллиондон ашты.
Жонс Хопкинс университетинин бүгүн, 11-сентябрдагы эсеби боюнча, вирус 188 өлкөдөгү 28 171 109 адамга жуккан.
Оорунун кесепетинен 909,6 миң адам көз жумду.
Коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча 6,3 млн адам менен Америка Кошмо Штаттары алдыда турат. 2-орундагы Индияда 4,5 млн адамдан, 3-орундагы Бразилияда 4,2 млн адамдан коронавирус аныкталган.
Булак: Баракелде