Кызымды бул кызматка даярдоо чечими салмактуу эле болду.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыров Телеграмдагы каналына жазды.

— Кызымды бул кызматка даярдоо чечими салмактуу эле болду. Анын тажрыйбасы көп, — деп жазган Кадыров.

Айшат Кадырова көп жылдан бери «Firdaws» мода дүкөнүн башкарып келет. Аны кызматка дайындоо чечими Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааевдин демилгеси менен кабыл алынганы айтылды.

Булак: Маралфм