АКШнын президенти Дональд Трамп экинчи жолу Республикалык партиянын талапкери болууга макулдугун берди.
Ал бул чечимин 27-августта, партиянын улуттук жыйынынын акыркы күнүндө Ак үйдөн жарыялады.
«Силердин колдооңорго ээ болуу мен үчүн сыймык. Акыркы укмуштуудай төрт жыл ичинде биз жетишкен өнүгүү үчүн сыймыктанам. Алдыдагы төрт жыл ичинде Америка үчүн жаркын келечек түзө алабыз деп ишенем», - деди Трамп.
Ал өз кайрылуусунда бул жолку президенттик шайлоону «АКШнын тарыхындагы эң маанилүү» окуя катары мүнөздөп, демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байденди сынга алды. Трамп эгер Байден бийликке келсе, афроамерикалыктардын атып өлтүрүлүшүнөн улам келип чыккан расалык карама-каршылыкты «күчөтө турганын» айтты.
«Байдендин Америкасында эч ким коопсуз болбойт», - деди Трамп.
Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден Трампка «Твиттер» аркылуу дароо жооп кайтарды.
«Эстесеңер: Дональд Трамп четке кагып жаткан зомбулуктун ар бир мисалы анын көз алдында, ал башкарып турганда, анын президенттик мөөнөтүндө болду», деп жазды Байден.
Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.
Булак: Азаттык