Жаңы Зеландияда мусулмандарга каршы 2 ирет теракт жасаган 29 жаштагы Брентон Таррант өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу ВВС билдирди.

Associated Press жазгандай, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү өлкөдө алгачкы жолу кабыл алынды.

Таррант 51 адамды өлтүрүүгө, дагы 40 адамдын өмүрүнө кол салууга жана терроризмге күнөөлүү деп табылды. Өкүмдү чыгаруу 4 күнгө созулган.

Интерфакс билдиргендей, айыпталуучу буга чейин бардык пункттар боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Сотто акыркы сөздөн баш тартып, өмүр бою эркинен ажыратууга каршы эмес экенин билдирген.

Сот жана тергөө кызматы аныктагандай, 2019-жылдын 15-мартында Таррант Аль-Нур мечитинде ок чыгарган. Жарым мүнөткө созулган ок атуудан кийин унаадан дагы бир куралды алып, мечитке барып, ок атууну уланткан. Анын баарын видеого тартып, Фейсбукта түз эфирде көрсөткөн.

Андан соң Линвуд ислам борборуна барып, 2 адамды жана терезелерди аткылаган. Борбордон чуркап чыккан эркек киши Тарранттан ок атуучу куралды тартып алып, аны кууган. Андан соң Таррантты полиция кармаган.

Кармалгандан кийин Таррант дагы бир мечитте ок чыгарып, андан соң 3 имаратты өрттөп салууну ойлоп, бирок жетишпей калганын билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу Таррант терактты бир нече жыл мурда пландап баштаганын, анын максаты көп адамды өлтүрүү болгонун билдирди. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Таррант жергиликтүү мечиттер жайгашкан аймакты изилдеп, ал жактарда кайсы убакта көп адам чогуларын байкап жүргөн.

Кылмышка чейин Таррант Европа өлкөлөрүнүн жана англис тилдүү мамлекеттердин мигрант-мусулмандарды кабыл алышына каршы экенин билдирип, пикирин интернетке жарыялаган. Анын көчүрмөсү Жаңы Зеландиянын премьер-министрине жөнөтүлгөн. Өлкөнүн бийлиги текстти жарыялоого тыюу салган.

Булак: Баракелде