Жаңы Зеландияда 18-августта коронавирус жуккан дагы 13 киши аныкталды.

Алардын басымдуу бөлүгү Окленд шаарында катталганы маалым болду. Өлкөнүн беш миллион калкынын үчтөн бир бөлүгү отурукташкан Окленд шаарында коронавирус жуккандар көбөйүп жатканына байланыштуу карантин киргизилген.

Жаңы Зеландияда буга чейин 102 күн бою өлкө ичинде COVID-19га кабылган бир да киши катталган эмес. Ал эми 11-августтан бери 90 киши илдетке чалдыкты.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Жаңы Зеландияда пандемия башталгандан бери 1600дөн көп адам COVID-19га чалдыгып, 22 киши каза болду.

Булак: Элгезит