Беларусь Республикасынын борбору Минск шаарында кечээ, 15-августта митинг учурунда каза болгон активист Александр Тарайковскийдин элесине арналган акция өттү.

Ал 10-августта каза болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына активист каза болгон учурдагы видео жарыяланды. Видеодон Тарайковский өзгөчө багыттагы милициянын отрядынын кызматкерлери тарапка бара жатканда жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Александр Тарайковский жандыруучу каражаттын кесепетинен көз жумган. Жардыруучу каражат анын колунда болгон.

«Conflict Intelligence Team» командасынын изилдөөчүлөрү билдиргендей, Тарайковскийге гранатометтон же өзгөчө багыттагы милициянын отрядынын кызматкеринин куралынан ок чыгарылган.

«Tut.by» басылмасы нааразычылык акциясында кармалган дагы бир адам каза болгонун жазды. 15-августта маркум Александр Вихордун жакындарына анын өлүмүнүн себеби такталып жатканы тууралуу билдирме берилген. Ал 9-августта кармалып, 11-августта көз жумган. ИИМдин расмий маалыматы боюнча, Вихор кармалгандан кийин абалы начарлап, анын кесепетинен ооруканада каза тапкан.

Беларустагы массалык нааразычылык акциялары президенттик шайлоодон кийин башталган. Президенттик шайлоодо Светлана Тихановская Александр Лукашенкого башкы атаандаш болду. БШКнын маалыматы боюнча, Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызын, Светлана Тихановская 10,12 пайызын топтоду. Ал эми Тихановскаянын штабы БШКнын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Булак: Баракелде