Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жогорку сот менен Башкы прокуратурадан “пайдасыз” кызматкерлерден арылууну тапшырды.

Ал 13-августта сот жана прокуратура тармагында жогорку деңгээлдеги кызматка дайындалгандар менен жолугушуп жатып: “Силер өзүңөр коомчулукта тартипти жана мыйзамды сактоонун үлгүсү болушуңар керек!” деп айтты.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Эмомали Рахмон сот жана прокуратура кызматкерлери аралашкан коррупциялык иштерди мисал кылып, бул тармактын аброюна шек келтире турганын айтты.

Тажикстандын Жогорку соту тарабынан 25 судья коррупциялык мүнөздөгү кылмыштары үчүн соттолгон. Андан тышкары 16 сот кызматкери да кылган кылмыштары үчүн сот жоопкерчилигине тартылганы расмий кабарланган.

Булак: Азаттык