Министрликтин маалыматы боюнча, 11-августта Беларустун 25 шаарында каршылык акциялары өттү.

Беларус бийлиги шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирген демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонулганын биринчи жолу ырастады. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги мындай окуя 12-августка караган түнү Брест шаарында орун алганын билдирди.

«Брестте жаалданган жарандардын тобу арматура менен милиция кызматкерлерине кол салышкан. Аларды токтотуу үчүн эскертүүчү октор атылган. Кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо үчүн ок атуучу курал колдонулган. Кол салгандардын бири жараат алды», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Беларус Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова демонстранттарга каршы колдонулган куралдардын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берерин айтты. Буга чейин Беларус милициясы нааразылык акциялары маалында өлүмгө алып келбеген курал-жарактар колдонулганын билдирип келген.

Министрликтин маалыматы боюнча, 11-августта Беларустун 25 шаарында каршылык акциялары өттү. Миңден ашуун адам кармалды.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбаган Тихановская Литвага чыгып кеткен. Шейшембиде Беларуста шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген демонстранттар үчүнчү түн катары менен акцияга чыгышты.

Булак: Элгезит