Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чырдан улам өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя  бүгүн, 11-август күнү эртең менен болгон. Анда 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө бычак менен кол салган. Окуя болгон учурда үй-бүлөсү жаныда болгон жана алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ал учурда “Истиклол” ооруканасында жатканы, буга чейин операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени айтылат.

Худоёр Худоёрзода Тажикстандын транспорт министри болуп 2017-жылы дайындалган.

Булак: media-center.kg