9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп өттү.

Минск шаарында болгон нааразычылык акциясында бир адам каза болду. Бул тууралуу «Весна» адам укугун коргоо борборунун өкүлү Валентин Стефанович ТАСС агентигине телефон аркылуу билдирген.

— «Ооба, бир адам набыт болгону тууралуу маалымат бар. Бул демонстранттарды атайын унаа менен сүзүп кеткенден кийин болгон. Үч адам оор жаракат алып, бир адам башынан оор жаракат алган«, — деди Стефанович.

Кечээ кечинде Минск шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен шайлоонун жыйынтыгын таанууга каршы митингчилердин ортосунда кагылышуу болду. Акциянын катышуучуларын таркатууга Ички иштер министрлигинин жана ОМОНдун ички аскерлери тартылып, атайын каражаттар, тактап айтканда суу колдонулган.

БШКнын дүйшөмбү күнү тараткан алдынт ала маалыматына караганда, Беларуссиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко 80,23%, Светлана Тихановская 9,90% добуш алды. Калган үч талапкер 2% дан аз добуш алышты.

Булак: Маралфм