Европа өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрө баштады жана айрым чектөөлөрдү кайра киргизүү алдында турат.

Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

-Европа коронавирустун экинчи толкунуна даярданууда. Жаңы ооругандардын көбөйүшү чектөө чараларын кайрадан киргизүү ыктымалдуугун жаратууда,- деп жазат басылма.

Мисалы, Каталония өкмөтү эгерде 10 күн ичинде коронавирус жуктуруу абалы көзөмөлгө алынбаса, карантин чаралары кайрадан кригизилерин жарыялады. Акыркы 2 жумада Каталонияда 8 миңге жакын вирус жуктургандар катталды.

Германия саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 2 жума ичинде вирусту жуктургандар өсүп баратканын айтып, тынчсызданып жатканын билдирди. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан өзүн жаман сезип жаткандардын баары милдеттүу түрдө коронавируска карата тест тапшырышы керектигин айтты.

Франциянын саламаттыкты сактоо министрлиги жаштар арасында вирусту жуктурган учурлар кескин өскөндүктөн этият болууга чакырууда. Жаштарды беткап тагып, колдорун бат-баттан жууп жана топ болуп чогулган жерден алыс болууга чакырды.

Грецияда супермаркеттерде, негизи бардык жабык имараттардын ичинде беткап тагынып жүрүү милдеттендирилген.

Бельгияда да экинчи ирет катаал карантин болуп калышы мүмкүндүгүн айтылууда.

Ири державалар кеңеши алты сааттык талкуудан соң пандемияга каршы киргизилген чектөөлөрдү күчөтүү чечимине келишти.

Булак: Маралфм