Акыркы суткада Бразилияда 59 миң 961 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ошондой эле бир сутка ичинде бул илдеттин кесепетинен 1311 адам көз жумду.

Бразилия дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын саны боюнча экинчи орунда турат. Өлкөдө бейтаптардын жалпы саны 2 млн 287 миң 475 адамга жетти. Алардын ичинен 84 миң 82 адам каза болуп, 1 млн 570 миң 237 бейтап айыкты.

Булак: баракелде