АКШнын президенти Дональд Трамп күнүнө бир нече жолу коронавируска тест тапшырып жатат.

Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Кайли Макинэни билдирди.

«Президент Америкада эң көп сынактан өткөн адам. Ал тестти баарынан көп, тагыраагы күнүнө бир нече жолу тапшырат», — деди ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны 4 миллионго жакындады. Бул оорудан 144,2 миңден ашуун адам көз жумду.

Булак: Маралфм