Британиядагы Оксфорд университети тарабынан коронавируска каршы иштеп чыгарылган вакцина коопсуз деп табылды.

Окумуштуулар бул жыйынтык менен The Lancet медициналык журналына бөлүштү.

Тестирлөөнүн 3-этабы ооруканада апрель-май аралыгында өткөрүлгөн. Ага 18 жаштан 55 жашка чейинки коронавирус менен оорубаган 1077 ыктыярчы катышкан.

-Ииммундук системада патогендерди аныкташ жана аларга каршы чабуул жасоонун 2 ыкмасы бар – антитело реакциясы жанан Т-клеткакалары. Бул вакцина эки ыкманы тең аткарууга жөндөмдүү. Ошондуктан вакцина вируска жана денедеги иштен чыккан клеткаларга каршы натйыжа көрсөтө алат,- дейт унивеситеттин профессору Эндрю Поллард.
Вакцина бир нече багыттагы аракетти аткаргандыктан анын узак мөнөттүү коргоону түзөрү айтылууда.

Вакцинанын терс таасирлери да бар – баш оорутуу, лихорадка, дене талуусу. Бирок мындай абал вакцинаны колдонууда болуучу кадимки көрүнүш экенин белгилейт профессор.

Британдыктар вакцинанын эффективдүүлүгүн изилдөөнү улантууда.

Булак: Баракелде