Бүгүнкү күндө өлкөдө 9 миң 463 адам (54%) коронавирустан айыгып, 8 миң 35 бейтап дарыланып жатат.

Бүгүн, 21-июлда саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 17590 (+ 276 жаңы учур) адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлардын ичинен 82 адам Ташкент шаарында, 57 адам Андижан, 42 адам Наманган, 36 адам Сырдарыя, 29 Жизак, 23 адам Каракалпакстан жана 7 адам Навои облусунда катталды.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 9 миң 463 адам (54%) коронавирустан айыгып, 8 миң 35 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 76 бейтаптаны абалы оор, 28 адамдын абалы абдан оор деп бааланууда.

Булак: Баракелде