Америкада акыркы суткада коронавирустун кесепетинен 943 адам көз жумду.

Акыркы сутканын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын аймагында 77,3 миң адам коронавирус оорусу менен каттоого алынды. Бул сан дүйнөдөгү рекорд болуп катталган.

Америкада акыркы суткада коронавирустун кесепетинен 943 адам көз жумду.

Кошмо штаттардын аймагында жалпы 3,5 миллион адамга коронавирус жугуп, 138,5 миңден ашык адам оорунун кесепетинен көз жумду.

Дүйнөдө коронавирус оорусу жуккан адамдардын саны боюнча Америкадан кийинки 2-орунда Бразилия (2 млн адам), 3-орунда Индия (1 млн) турат.

Булак: Баракелде