Казакстандын коргоо министринин орун басары Бакыт Курманбаев каза болду.

Бул маалыматты аталган министрликтен тастыкташканын «Tengrinews.kz» басылмасы жазды. «Өлүмдүн себеби такталып жатат. Кийинчерээк толук маалымат берилет», - деп айтылат билдирүүдө.

Бакыт Курманбаев 2019-жылдын апрель айында Коргоо министринин орун басары болуп дайындалган.

Ал 1970-жылы 21-сентябрда Өскемен шаарында туулган. Артында жубайы жана эки баласы калды.

Булак: Баракелде