Болливуд жылдызы Амитабх Баччандын үй-бүлөсүнөн бир нече адамга коронавирус жукту.
Анын өзүнөн, кийинчерээк уулу — актер жана продюсер Абхишек Баччан, келини Айшвария Рай жана 8 жаштагы небере кызынан да бул оору тастыкталган.
Жонс Хопкинс университетинин жаңыланган эсеби боюнча, Индияда коронавирус оорусун жуктурган адамдардын саны 850 миңге жетти. Бул көрсөткүч менен дүйнөдө 3-орунда турат.
Булак: Баракелде