Бүгүн, 10-июлда саат 17:00гө карата Өзбекстанда дагы 134 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Муну менен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 11 857 адамды түздү.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы учурлардын ичинен 32 учур карантин борборунда (чет өлкөдөн келгендер), 102 учур Ташкентте катталды.

Өзбекстанда жалпы 7335 адам коронавирустан айыгып, дагы 4469 бейтап дарыланып жатат.

Булак: Баракелде