АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу чечимин коргоду.

Ал Бириккен Улуттар Уюмунун бул мекемеси башкы милдеттерин аткара албай жатканын 9-июлда журналисттерге билдирди.

Мындан тышкары АКШнын башкы дипломаты уюм коронавирус пандемиясын жана эбола сыяктуу буга чейинки эпидемияларды ооздуктай албаганын баса белгиледи.

Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШ уюмдагы мүчөлүгүн туура бир жылдан кийин токтото турганын 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке расмий билдирген.

9-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эркин эксперттердин аталган мекеменин пандемияга каршы чараларын иликтеп чыгышына макулдук бергенин жарыялаган.

Помпео Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан коронавируска чалдыккан биринчи бейтап тууралуу так маалымат ала албаганын, Бээжин эпидемия учурунда ички каттамдарды жапканы менен жарандарына чет өлкөгө чыгууга уруксат бергенин кошумчалады.

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылаган мамлекеттердин башкы сабында турат. Уюмдун бюджетинин 15 пайызы Кошмо Штаттардан келет. Трамптын администрациясынын уюмдан чыгуу чечими АКШнын өзүндө да, Вашингтонго өнөктөш мамлекеттерде да сынга кабылган. 9-июлда Бээжиндин башкы дипломаты Ван И Кытай менен АКШнын алакасы соңку 40 жылдан ашык убакыттан берки эң олуттуу кыйынчылыкка туш болуп жатканын айткан.

Булак: Азаттык