Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко өлкө коронавирус оорусун жеңгенин жарыялады.
Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда айткан.
Дарыгерлерге кайрылган президент: «Биз күрөштү токтотпойбуз. Бирок бүгүн биз жеңдик деп айтсак болот. Толугу менен жеңишке жеткенден кийин азыр да жумушун аткарып жаткан дарыгерлер менен өзүнчө жолугабыз», - деген.
Жонс Хопкинс университетинин эсеби боюнча, Беларуста 62 миң 424 адамга коронавирус жуккан. Бул оору жуккандан кийин 398 адам көз жумду.
Булак: Баракелде