Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам акыркы мезгилде америкалык биолабораториялардын түпкү максаты ачыкка чыга баштады.
Тагыраагы, адамдын ден соолугуна кооптуу жагдай жараткан вирустар менен эксперименттер адамзат үчүн глобалдуу маселеге айланып бараткандай. Ошон үчүнбү, эмнегедир дүйнөнүн булуң бурчунан АКшнын биолабораториялары тууралуу маалыматтар чыгып, алардын ишмердүүлүгүнөн шек санагандардын саны өсүп баратат.
Алардын бири Армения. Армениядагы белгилүү адвокаты Александр Кочубаев бул өлкөнүн аймагында жайгашкан АКШнын 10го чукул биолабораториясын жаптыруунун айласын издеп, Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) кайрылды.
Бириккен улуттар уюму Армениядагы америкалык биолабораторияларды жабуу өтүнүчүн колдойбу же жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, элинин саламаттыгын, мамлекетинин коопсуздугу үчүн жактоочу Александр Кочубаев АКШнын кооптуу биолабороториясын жаптырууга катуу киришип жатканын “Фейсбуктагы” баракчасына да жазды. Ал БУУнун генералдык секретарына кайрылып, БУУнун адам укугу боюнча эл аралык келишиминин негизинде биологиялык куралды иликтөөнү өтүндү. Анткени, ал Армениядагы Америка каржылаган биолабораториялары патологиялык ооруу пайда кылуучу генетикалык тажрыйбаларды жүргүзүшөөрү тууралуу маалымат алган. Ага 16 чет мамлекетте жашаган мекендештеринен Америкалык биолабораториялардын ишмердүүлүгү тууралуу кат келген. Алардын өтүнүчү менен Америкалык биолабороаторияларды жаптыруу маселесин көтөрө баштаган.
Ал бул маселе боюнча Армениянын Башкы прокуратурасына жана административдик сотуна да кайрылган. Тийиштүү маалыматтарды да берген.
Александр Кочубаев “Армениянын үнү” басылмасына берген маегинде биолабораториялардын кооптуулугуна жана алардын зыяндуулугуна токтолуп, Америка каржылаган биолабораториялар Армениянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтты. АКШнын биолабораториялары потогенездик жактан коркунучтуу микроорганизмдерди пайда кылып, Арменияда кооптуу эпидемиялогиялык кырдаал түзүлүп калуу мүмкүндүгү жогору экендигин ачык айткан. Себеби, Америка каржылаган биолабораториялар чындыгында жугуштуу оорууларды таркатуучу оорулар менен алектенишет. “Аларда инфекциялык ооруларды козгой турган каражаттар да бар”- деген ойдо. Ал эле эмес, Америка каржылаган биолабораториялардан башка да жугуштуу инфекциялар таркалышы мүмкүн дейт. Кыскасы, биолабораториялардын кооптуулугу адамды массалык түрдө кыра турган куралга салыштырылууда.
Ушул убакытка чейин АКШ өз лабораторияларын Грузия, Молдова жана Украинага ачууга үлгүргөн. Бүгүн Армениядагыдай абал Украинада дагы жаралууда. Тагыраагы, Украинанын “Жаш өмүрлөр үчүн оппозициялык платформа” партиясынын төрагасы Виктор Медведчук жана элдик депутат Ренат Кузмин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалюга, Саламаттыкты сактоо министри Максим Степановго жана коргоо министри Андрей Таранга АКШнын Украинадагы биолабораториясы эмне иш кылаары, кандай ишмердүүлүк жүргүзөөрү боюнча жооп беришин талап кылган суроо (запрос) жөнөтүшкөн. Аты аталган депутаттар Американын Грузиядагы биолабораториялары 2005-жылы Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана АКШнын Коргоо министрлигинин ортосундагы биологиялык курал чыгаруу тууралуу келишимдин негизинде курулганын эске салышкан. Украинанын аймагында коркунучтуу патегендерди сактоо тууралуу келишимдин алкагында ишке ашканын баса белгилешкен. Чынында 2010-2012-жылдары “мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет, инфекциялык ооруларды жайылтат”- деген кооптуу маалыматтар күчөгөндө өкмөттүк да, журналисттик да иликтөөлөр жүргөн. Өкмөттүк иликтөөнүн жыйынтыгында алардан жаралган инфекциядан мектепке чейинки балдар жабыркаганы белгилүү болгон. Элинин ден соолугуна, мамлекетинин коопсуздугуна санаркаган депутаттар азыр да ал биолабораториялар эмне иш менен алек болоорун, алар нормаларды сактабаса кандай чара көрүлөөрүнөн бери сурашып, жооп берүүнү талап кылышкан. Ошондой эле кооптуу патогендик иштер менен алек болгон, Америка каржылаган биолабораториянын документтеринин көчүрмөлөрүн алууну милдеттендиришкен. Анткени, эл арасында АКШ каржылаган биолобораториялардын ишмердүүлүгү боюнча бүдөмүк суроолор көп, нааразычылыктар да күч. Себеби, алар Американын биолабораториялары потогенездик жактан коркунучтуу микроорганизмдерди пайда кылып, андан жабыркагандар кандай азапка кабылаарын жакшы билишет. Ошон үчүн депутаттар маселе көтөрүп, алардын ишмердүүлүгү боюнча тапшырма берип, “иштерин талапка жооп бергидей аткарып жатабы же нормаларды сактабай жатабы?”- деген маселенин айланасында баш оорутуп жатышат. Кыскасы, аларда дагы Армениядагыдай кооптонуу күч.
Тагыраагы, ушундай кооптуулугу күчтүү объекттин дагы бири Кыргызстандан анча алыс эмес жерде, Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан. Алар эмне менен алектенишээри белгисиз. Ошондой эле алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар да ачыкка чыкпайт.
Негизи АКШнын биолабораториялары дүйнө жүзүнө тараганы менен, эмнегедир коронавирус күч алып жаткан маалда алар бул күрөшкө салым кошушкан жок. Ушул жагын эске алганда алар биолабораторияларды куруп, элдин өмүрүн сактоону эмес, эксперимент жасоону биринчи орунга чыгарышкандай. Ошон үчүн мындай жашыруун биологиялык лабораторияларды өз аймагында эмес, башка мамлекеттерде жүргүзүп жатышкандай.
Эң кооптуусу - АКШнын биолабораторияларынын иштөөсүнө уруксат берген өлкөлөр өздөрүнүн гана мамлекетине эмес, коңшу мамлекеттердин да коопсуздугун жарга кептей турган абал жаратып коюшу толук ыктымал. Мына ушундай жагдайлардын баарын эске алган армениялык жактоочу өлүм менен ойноо жакшылыкка алып барбай турганын айтып, аларды жаптыруунун жолун издеп жатат.
Украинанын депутаттары болсо алардын ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөнү талап кылып, нормаларды сактабаса жоопко тартуунун жолдорун издеп, тийиштүү тармактарга кайрылышууда. Кыскасы, Американын биолабораториясы курулган мамлекеттин көпчүлүгүнүн санаасы санга, оюу онго бөлүнүп, улутунун, мамлекетинин коопсуздугун сактап калуунун жолун издешүүдө.
Булак: "Майдан.kg" газетасы