Казакстанда 1-июнга карата бир сутканын ичинде 450 адамдан коронавирус аныкталды.

Бул мурунку күнгө салыштырмалуу 26 адамга аз. 184 адам оорудан сакайды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 11 308 адамга жетти. Оорудан айыккандардын саны — 5404 адам. Жалпы илдеттен көз жумгандардын саны — 41 бейтап.

29-май күнү саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирустун жайылышы басаңдап, кырдаал жөнгө салынып калганын кабарлаган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстанда 15-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. 11-майдан тартып режим токтотулган. Бирок айрым аймактарда карантин уланууда.

1-июндан тартып Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы блокпосттор алынды. Бүгүнтөн тартып базарлар ишке кирип, бала бакчалар балдарды кабыл алууга киришти. Коомдук мончолор жана SPA салондордун ишине уруксат берилди. Ишин жанданткан ишкана-мекемелердин баарына санитардык эрежелерди так аткаруу талабы коюлууда.

Булак: Элгезит