Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянып жазды. Азырынча бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.

«Интерфакс» Рамзан Кадыров учак менен Москвадагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин жазды.

«Кадыров коронавируска шектелип жатат, азыр ал медиктердин көзөмөлүндө», — деп билдирген агенттиктин булагы.

Россиянын башка аймактарына салыштырмалуу Чеченстандагы карантиндик чаралар кыйла катаал. Республикада коменданттык саат киргизилип, коомдук транспорттор токтогон. Мындан тышкары Россиянын башка облустарынан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматы боюнча Чеченстанда 1 миңден ашык кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Рамзан Кадыров 43 жашта, ал 2007-жылдан бери өлкөнү башкарып келет.

Булак: Элгезит