Ташкент шаардык прокуратурасы 7-майда борбор калаадагы киши өлтүрүү кылмышы тууралуу видео жарыялады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 8-май күнү эртең менен укук коргоо органдарына Үчтепа районунун тургунунан билдирүү түшкөн. Ал 31 жаштагы уулу Равшан үйүнөн жумуштары боюнча чыгып кетип, ошол бойдон кайтпаганын билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө Равшандын 1990-жылы туулган Жамолитдин аттуу таанышы бар экени белгилүү болду. Ушул жылдын январь айында Жамолитдин Равшандан «Спарк» үлгүсүндөгү унаасын сатып алууну чечип, акчаны 2 айдын ичинде берүүнү убада кылган. Бирок Равшан акчаны күтпөстөн, унаасын кайра алган. Маалыматка ылайык, Жамолитдин Равшанга карата кек сактап жүргөн.
7-майда күндүз 23 жаштагы таанышынын (аял киши) жардамы менен Равшанды Ц-5 (Ташкенттин ортосунда жайгашкан кичи район) үйүнө алып барган. Максуд аттуу дагы бир жигит менен сүйлөшүп, алар батирге кирген Равшанга кол салышкан.
Максуддун айтымында, ал жабырлануучуну уруп, кийин колу-бутун жип менен байлап, батирден чыгып кеткен.
Маалыматка ылайык, колу-буту байланган Равшан андан эмне керек экенин сурап, Жамолитдин ага акча керек деп билдирген. Ошондо Равшан үйдө 30 миң доллар жана кеңседе 50 миң доллар бар экенин маалымдайт. Жигитке аялы менен байланышууга уруксат беришкен. Ал аялынан акчаны даярдап, ортомчуга берүүнү суранган. Акчаны алуу Музаффар аттуу жарандын жардамы менен ишке ашкан.
Андан кийин үрөй учурган окуя болду. Тактап айтканда, Равшан Жамолитдинге аны баары бир табарын билдирген. Жамолитдиндин айтымында, ал мындай билдирүүдөн коркуп, Равшанды таяк менен башына жана бетине ура баштаган.
Анын айтымында, анын кыймылдабаганын көрүп, көз жумганын түшүнгөн. Ал маркумдун колу-бутун, башын денеден бөлүп, кесип алган. Сөөктөрүн сындырып, дененин бөлүктөрүн ороп, андан соң көчөгө көмүп салган.
Жамолитдинге карата «адам өлтүрүү» жана «каракчылык», ага жардам берген Максуд менен кызга «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: Баракелде