Акыркы суткада Казакстанда 283 адам коронавирус инфекциясы менен катталды.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

18-майга карата Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 6440 адамга жетти. Алардын ичинен 34 бейтап каза болуп, 3256 адам айыкты.

Жаңы катталган бейтаптар (283):

- Атырау облусунда 86 (15,9%);

- Чымкент шаарында 60 (17,3%);

- Алматы шаарында 46 (2,6%);

- Нур-Султан шаарында 20 (1,6%);

- Түркстан облусунда 19 (9,5%);

- Караганда облусунда 18 (7,8%);

- Батыш Казакстан облусунда 13 (4,2%);

- Мангистау облусунда 8 (5,2%);

- Алматы облусунда 3 (1,5%);

- Павлодар облусунда 3 (1,9%);

- Түндүк Казакстан облусунда 2 (5,6%);

- Жамбыл облусунда 2 (1,0%);

- Акмола облусунда 1 (0,8%);

- Костанай облусунда 1 (1,3%);

- Кызыл-Ордо облусунда 1 (0,4%).

Булак: Баракелде