Орусиянын Федералдык илимий- клиникалык борбордун адистери курсактын ысышы менен коштолгон COVID-19 оорусунун жаңы версиясын баяндап беришти.

Орусияда 14-майга карата 9974 адамда коронавирустук инфекция тастыкталып, жалпы коронавирус жуктургандардын саны 252,2 миңден ашты. Алардын ичинен 53 миң адам аталган илдеттен айыкты. Өлкөдө коронавирус пайда болгондон бери жалпысынан 2305 адам COVID-19дан көз жумду. (күнүнө 93 адам). Бул тууралуу РБК жазды.

Орусиянын Федералдык илимий- клиникалык борбордун адистери курсактын ысышы менен коштолгон COVID-19 оорусунун жаңы версиясын баяндап беришти.

Ошол эле учурда Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат боюнча, SARS-CoV-2 коронавирусу өнөкөт бөйрөк оорусу бар адамдар үчүн өтө коркунучтуу болуп эсептелинет. Аталган оорусу бар бейтаптарда коронавирустук инфекциянын жугуу коркунучу жогору, ошондой эле жуктургандардын арасында аталган өнөкөт оору менен  ооругандардын өлүмдүн деңгээли да жогору болот.

Булак: Маралфм