Акыркы суткада Россияда 10 899 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн, 12-майда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Жаңы учурлар федерациянын 83 аймагында катталды. Алардын арасында 4704 (43,1%) адам буга чейин инфекция жуктургандар менен байланышта болгондор жана оорунун клиникалык белгилери жок бейтаптар.

12-майга карата Россияда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 232 243 адамга жетти. Алардын ичинен 2116 адам каза болуп, 43 512 бейтап айыкты.

Булак: Баракелде