Дүйшөмбү күнү Францияда миллиондогон киши дээрлик 2 айдан кийин уруксат кагазы жок эле сыртка чыга баштады.
Мектептерде башталгыч класстардагы балдар окууга кайтып, кээ бир дүкөндөр, чачтарач, башка коомдук жайлар кайра ачылууда. Бирок, ресторан, театр, кинотеатрлар дагы бир нече убакыт жабык кала берет.
Испанияда эпидемиянын очогу болгон Мадрид жана Барселона шаарларынын тургундары ачык асман астындагы барлар менен кафелерге бара алышат.
10-майда Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон чектөөлөрдү алуу дагы эрте деп, үйлөрүнөн иштей албагандар жумуш кеңселерине бара берсе болорун айтты. Ошол эле маалда коомдук транспортко түшпөөгө жана аралыкты сактоого чакырды.
Британияда дүйшөмбү күнкү статистикага ылайык, коронавирустан 32 миңдей киши көз жумду. Бул – Eвропадагы эң жогорку, ал эми дүйнөлүк алкакта АКШдан кийинки экинчи көрсөткүч.
Булак: Азаттык