Американын президенти Дональд Трамп АКШда коронавирус боюнча абал жакшырып жатканын билдирди.
Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде «РИА Новости» жазды.
Трамп онлайн маалымат жыйында: «Өлкөнүн бардык бөлүктөрү же жакшы формада, же коронавируска байланышкан иштер жакшы жүрүп жатат», - деди.
Президенттин айтымында, Нью-Йоркто, Чикагодо, Бостондо жана Жаңы Орлеанда жаңы учурлар азайып, башка кризистик чекиттер турукташты.
28-апрелге карата Америкада 988 миңден ашык адамдан вирус аныкталып, 56,2 миң адам көз жумду.
Булак: Баракелде