Бишкек, “Саясат.kg”.  АКШда  коронавирустан өлгөндөрдүн көбү Нью-Йорк штатында катталды.

Америка Кошмо Штаттарында коронавирустан 100-200 миң адам өлүшү мүмкүн экенин  Аллергиялык жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун башчысы доктор Энтони Фаучи билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп  элге апрель айынын аягына чейин үйдөн чыкпоону сунуш кылып жатып, божомолдор боюнча ондогон миллион адам вирус менен ооруган сценарий боюнча 200 миң адам каза тапса “ийгилик” болорун жар салды.

Учурда АКШда коронавирустан жабыркагандардын жалпы саны 159 миңден ашты. Жалпысынан ушу тапта 3 миңге жакын адам каза тапты.