Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыздар карантиндин эрежесин бузуп, көчөдө жүргөндөр тиешелүү убакытка камалып,  3000 сом айып төлөөрү айтылган. Өкмөттүн бул чечими түрдүү талкууга жол ачып, бири колдосо, экинчиси сындаган.

Вирустун бат жайылып жатканынан чоочулаган Орусиянын өкмөтү карантин режимин бузгандар төлөй турган айып пулдун өлчөмүн кескин көбөйттү. “Административдик тартип бузуу жөнүндө” Кодекске өзгөртүү киргизип, карантиндин тартибин бузган жарандарга 15 миңден 40 миң рубль, кызмат адамдарына 50 миңден 150 миң рубль, ал эми юридикалык тараптарга 200 миңден 500 миң рублге чейин айып салынаарын билдирди. Ошондой эле  карантин режимин кайталап буза турган болсо, жарандар 150 миңден 300 миң, кызмат адамдары 300 миңден 500 миң, ал эми юридикалык тараптар 500 миңден бир миллион рублга чейин айыпка жыгыла турган болду.

Кыскасы, коронавирусту тартип жана эрежени сактоо менен жеңебиз деген мамлекеттер ушундай катаал чараларга бараары маалым болду. Анткени, Орусияда бир күндүн ичинде коронавирус 300дөн ашык адамдан табылып, аталган дарт менен ооругандардын саны 1836 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 9 жаран ажал тапканын, дагы 30дан ашык бейтаптын абалы оор экенин маалымдады.

Росияда коронавирустун арааны баарынан да Москвада катуу жүрүүдө. Борбор калаасында учурда 1220 адамда вирус бар экендиги аныкталган. Дал ошондуктан, Москвада бүгүнтөн баштап катуу тыюу салуулар күчүнө кирди. Эми мындан ары көчөгө обу жоктонуп чыгып алгандарга катуу чаралар көрүлөт.

Чынайым Кутманалиева