Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигине шилтеме берүү менен маалымдады.

 

«Бул карандай калп. Биз бул маалыматты четке кагабыз», деп билдирген элчиликтин өкүлү.

 

62 жаштагы түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалыматты алгач орусиялык басылмалар жазып чыгышты. “Азаттыктын” түркмөн кызматы да анын көз жумганы тууралуу кабар алды, бирок тастыктоого мүмкүн болгон жок.

 

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги да Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөдү.

 

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов өлгөн соң бийликке келген. Өлкөдө диктатура орногон, Бердымухамедовдун жеке башына сыйынуу күчөгөн. Анын “Аркадаг” башкача айтканда коргоочу деген титулу бар.

 

Июнда ал 62 жашка толгон. Бул сапар майрам мурдагыдан өзгөчөлөнгөн. Имам жана министрлер Бердымухамедовдун ден соолугу үчүн дуба кылышкан. Акыркы айларда ал өтө ооруп жатканы тууралуу кабар тараган.

 

Бердымухамедов мураскору катары 37 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедовду таптай баштаган. Өткөн айда ал Ахал облусунун акими болуп дайындалган.

 

21-июлда «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы преиденттин апасы Огулабат Бердымухамедованын илдети күчөп, он күндөн бери Германияда дарыланып жатканын кабарлады.