Юрист азыркы кыздардын сырткы көрүнүшүнө абдан нааразы.

 

Египеттеги таанымал адвокат Наби аль-Вахш бийликтен тытылган джинсы кийген кыздарды зордуктоого уруксат берүүнү сунуш кылды.

 

Юрист заманбап кыздардын сырткы көрүнүшүнө абдан нааразы. Ал ылайыксыз кийинген жаш кыздарды зордуктоого уруксат берүү керек деп билдирди.

 

Муну менен катар ал жергиликтүү тургундарды мындай кыздарды куугунтуктоону “патриоттук милдет”, ал эми зордуктоону “улуттук парз” катары кароо экенин белгиледи.

 

Египеттин Улуттук кеңешинде юристтин аялдарга карата айткан мындай билдирүүсү көңүлдөн тыш калган жок. Алар бул айтканы үчүн анын үстүнөн арызданышаарын билдиришкен.

 

Белгилей кетсек, Каир аялдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу шаар деп табылган.

 

Булак: mediaplov.asia

Тема: