Казакстанда 12 миллион абонент январдын башында мобилдүү түйүндөн өчүрүлүшү мүмкүн – алар телефондорунун IMEI-коддорун каттоодон өткөргөн эмес.

 
Казакстанда 12 миллион абонент январдын башында мобилдүү түйүндөн өчүрүлүшү мүмкүн – алар телефондорунун IMEI-коддорун каттоодон өткөргөн эмес.

 

Казакстанда былтыр кабыл алынган “Байланыштар жөнүндө” мыйзамга ылайык, уюк компаниялар телефондорун каттоодон өткөрбөгөн абоненттерге кызмат көрсөтө албайт.

 

Казакстан парламентинин депутаты Михаил Чирковдун айтымында, 26 миллион абоненттин ичинен 14 миллиону гана каттоодон өткөн:

 

– Бул декабрдын башындагы маалыматтар. Бир нече миллион казакстандык жаңы жылдын түнүндө жана андан кийин бири бирин телефон аркылуу куттуктай албай калышы мүмкүн.

 

Чиновниктер IMEI-коддорду каттоо –телефон сатуудагы көмүсө базар менен күрөшүүгө жардам берерин билдиришүүдө. Полиция маалыматына караганда, быйыл 40 миң аппарат уурдалган. Бул сыяктуу кылмыштардын 5% гана бети ачылган.

 

Полициянын версиясы боюнча телефон аппараттары каттоодон өтсө, уурдалган учурда аларды табуу жеңил болот. Ага карабай, гаджеттерин каттоодон өткөрүүгө ашыккандар аз.

 

Казак бийлиги жеке маалыматтар башка максаттарга, маселен, кишилерди аңдууга алуу үчүн колдонулбайт деп ишендирүүдө. Мындан тышкары бийлик бул чара менен абоненттик базаны колдонулбай калган номерлерден арылтууну көздөөдө.