2018-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси болуп 25 жаштагы ирактык Надия Мурад табылды.

 

Нобель комитетинин билдиришинче, Надия Мурад ИШИМдин Ирактагы мусулман эмес язидий уруусундагы аялдарга карата зордук-зомбулугун дүйнөгө жар салып, аларга каршы жүргүзгөн күрөшү үчүн бул сыйлыкка татыды.

 

Надияны 2016-жылы туулуп өскөн кыштагынан алып, Ирактын  Мосул шаарындагы ИШИМдин лагерине террордук группанын аскерлерине колдонууга ташташкан. Ал жерден мусулман үй бүлөнүн жардамы менен качып чыгып, көргөн зордук-зомбулугун китеп кылып жазып, бүт дүйнөгө жар салган. Дүйнө жүзү ИШИМдин бул зордукчулук аракеттерине үнсүз гана карап турат деп айыптап, чара көрүүгө чакырган.

 

Надия Мурад Би-би-сиге берген маегинде, канчалаган кыздар өз жанын кыйышканын, адамдар бир жолу өлсө, ал жердеги аялдар саат сайын өлүмдүн алдына барышканын айтып эскерген.

 

Кошумчалай кетсек, Надия Мурад мындан башка бир нече эл аралык адам укугун коргоо уюмдары тарабынан сыйлыктар менен сыйланып, БУУнун «ыктыярдуу» өкүлү болуп дайындалган.

 

"МаралFM"