Манхэттендеги бийик мунараны чиймелеп койгону 2005-жылы 29 184 долларга сатылган 

 

Узаган жумада АКШнын басылмалары президент Дональд Трамп чиймелеп койгон сүрөттүн көркөм-эстетикалык мүнөзүн баалоого аракет кылышты. Newsweek журналы 20 жыл мурда Дональд Трамп Нью-Йорктогу Эмпайр Стейт имаратынын дубалын калем сап менен жөн эле чиймелеп койгонун, анын бул эмгеги Лос-Анджелестеги Жюльен аукционунда алгач 8 миң долларга сатыкка коюлганын кабарлайт. Кара калем сап менен тартылган сүрөттү Трамп кайрымдуулук уюмдарына белек кылган. Алгач аны 100 долларга жетпеген акчага сатышкан. Нью-Йорктогу эл аралык искусство сынчылары Трамптын үнүн өктөм чыгарып, колун жаңсап сүйлөгөн манерасы тарткан сүрөтүндө да сезилерин белгилешкен. “Эмпайр стейттеги” чиймеленген сүрөтү Дональд Трамптын алгачкы эмгеги эмес. Анын Манхэттендеги бийик мунараны чиймелеп койгону 2005-жылы 29 184 долларга сатылган. Сүрөттү саткан Сандерс аукционунун жетекчиси көркөм табити болбосо да саясатчылар тартып койгон нерселер көп акча табарын New York Times гезитине айткан.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №50 (328), 25.10.2017-ж.