“Кечке жумушта иштеп чарчадым”- дегендерге түк ишенбегиле. 

 

“Кечке жумушта иштеп чарчадым”- дегендерге түк ишенбегиле. Өзгөчө аялдар күйөөӊөргө ушул аныктаманы айтып мээсин жесеӊер болот. Анткени, Британиялык окумуштуулар 2 миңге жакын кеңсе кызматкеринин катышуусунда сурамжылоо жүргүзүп, натыйжада адам күнүнө 3 саат гана жемиштүү иштей ала турганы белгилүү болгон. Алгач бардык катышуучуларга “Жумушта бир күн бою жемиштүү иштейм деп эсептейсизби?”- деген суроо берилген. Ага 79 пайыз адам “жок” деген жообун узаткан. Изилдөөчүлөр сурамжылоого катышкандардан жумуш учурунда башка көңүл ачуучу иштер менен алектенүүдөн баш тарта аларын сураганда 35 пайыз “ооба” деп, 54 пайыз башка иштер менен алектенгенде гана жемиштүүлүгү арта турганын билдирген. Кыскасы үйгө барып алып, “үхх, чарчадым, жумушта эзилип кеттим”- дебегиле.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №50 (328), 25.10.2017-ж.

Тема: