Уинстон Черчиллдин 1947-жылдын 11-май күнү Париждеги Ле-Бурже аэропортунда чегип бүтпөй калган сигарасы сатыкка коюлган. 

 

Тарыхтын дөө-шаасына айланган инсандардын аты-жөнү, колдонгон буюму, сүрөт-кагаздары, кийим-кечеси, деги койчу баары акчага айланып турган маал. Алсак, АКШда Уинстон Черчиллдин чегип бүтпөй калган сигарасы 12 миң долларга сатылды. Бул тууралуу “Associated Press” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Бостон шаарындагы “RR Auction” аукцион үйүндө Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин 1947-жылдын 11-май күнү Париждеги Ле-Бурже аэропортунда чегип бүтпөй калган сигарасы сатыкка коюлган. Сигараны британиялык учкуч Уильям Алан Тернер сактап койгон. Ал Уинстон Черчиллди Лондондон Парижге ташыган. Аукцион онлайн режимде өтүп, сигараны Флорида штатында жашаган, атын атагысы келбеген коллекционер 12 миң долларга сатып алды. Айта кетсек, “La Corona” маркасындагы сигара атайын буюртма менен жасалган. Анда Уинстон Черчиллдин аты да жазылган. Уинстон Черчилль Британ өкмөтүн 1940-1945 жана 1951-1955-жылдар аралыгында башкарган. 1965-жылы 24-январда каза тапкан.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №50 (328), 25.10.2017-ж.