Мафия тирүү...

 

Урматтуу окурмандар, сиздердин назарыңыздарга белгилүү автордун (тилекке каршы бул маалыматтын булагына шилтеме азыр иштебейт) “Еврей мафиясы – адамзатка коркунуч” аттуу көлөмдүү макаласынын бир бөлүгүн сунуш кылабыз. Текстеги даталарга караганда, макала мындан 10 жыл мурда жазылган. Бирок таң каларлыгы, анын маңызы эч өзгөрбөстөн, акуталдуулугун жоготпогондугу болуп саналат. Ал тургай тескерисинче анда келтирилген көйгөйлөр андан да курч бойдон кала берүүдө. Биз анын бир далили катары Украинадагы согушту айтсак болот.

 

***

Еврейлер СССРдин турмушунда түп тамырынан бери өзгөрүүлөр болорун бир топ мурда эле билишкен.

 

“Советиш Геймланд” ( “Советтик Родина” ) деп аталган бүткүл союздук деңгээлде окурмандары бар журналдын “резолюциясын” окуп көрөлү: “1989-жылы 21-сентябрда “Советиш Геймланд” журналынын Бүткүл союздук окурмандар конференциясына чогулуп, Советтер Союзунун 30 шаарларынын еврей чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү – жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор, тарыхчылар, публицисттер, артисттер, педагогдор еврей сөздүгү, еврей маданияты жана искусствосун сүйүүчүлөр менен биргеликте турмуштун азыркы чукул мезгилинде советтик еврейлер, еврей элинин чыгармачыл адамдары өзүнүн маданиятынын тагдырын кайра куруу менен байланыштырат” (Кайра куруу жана еврей маселеси. – М., АКСО, 1989. – Вып. I, с. 10). Көрүнүп тургандай, колдон келишинче басым жасалган.

 

Азыркы саясат таануучу С.Кара-Мурзанын айтканын да келтире кетели: “Россиядагы курч кризис маалындагы маанилүү учурларда еврейлер революциялык жана башкаруучу азчылыктын активдүү жана таасирдүү бөлүгү болушкан, ошондой эле алардын азыркы “реформага” катышуусу өтө жогору – булгаары кийген, наганчан чекист түрүндө болбосо да эксперт, банкир жана идеолог түрүндө. Алар өздөрүнө “эски режимди” талкалаган тарандын милдетин алышкан. Алар  – бир топ өнүккөн модернизаторлор жана батышчылар, көпчүлүк орустардын колунан келбейт деген долбоорлордун аткаруучулары”.

 

Өзүнүн жазгандарын далилдеш үчүн Кара-Мурза мындай статистиканы келтирет: “Батышта эң үлгүлүү коом түзүлгөндүгү боюнча жана биз алардын артынан ээрчип жүрүшүбүз тууралуу пикир менен 13,2 пайыз орустар жана 52,5 пайыз еврейлер макул болушкан. 1991-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, кайра куруу ал учурда кыйроо катары кабыл алынган. Россиянын тарыхындагы 15 жылдык доор башка элдердин турмушуна караганда эң жаман “доор” катары саналат. Бир гана еврей-респонденттерде бул учур биринчи орунга чыккан” (Улуу державалуу интернационализм. – “Правда-5” № 19/96).

 

Бул  статистика болуп көрбөгөндөй таамай айтылган. Анда чындыгында Россиянын экономика чөйрөсүндө, сырткы жана ички саясатындагы кайра куруулар акыркы он жылдыкта кимдин кызыкчылыгы үчүн жасалгандыгын айтып турат.

 

Еврей-орус тирешүүсүндөгү ырайымсыз фактор тууралуу айтпай коюуга болбойт. Ал реформа, жалпы эле жаңы режимди бекитүүдө, идеологиялык күрөш чөйрөсүндө, ММКда, айрыкча телевидениедеги талап-тоноочулук ыкмасы менен жүргүзүлгөн менчиктештирүүдө ачык көрүндү. Россия жана орустардын  өткөнү, келечеги жана азыркы учуру тууралуу ачык, карама-каршылыктуу көз караштардын болушу орус жана еврей менталитети үчүн мүнөздүү көрүнүш болуп саналат. Бирок мындай жагдайга еврейлер кейип да койгон жок: алар реформага жамынын алып өздөрүнүн максатын ишке ашыра беришти жана совет элинин байлыгын талап-тоноп алышты.

 

Менчиктештирүү (жөнөкөйлөштүрүп айтканда элдик байлыкты алдым-жуттумдардын талап-тоноп алуусу) төмөндөгүдөй натыйжага алып келди: мурдагы РСФСРдын 70%га жакын байлыгы 200 еврей үй-бүлөнүн менчиги болуп калды.  Натыйжада азыркы Россиянын эң ири менчик ээлери – еврейлер. Орус алюминийи еврей – бир туугандар Черныхтардын колунда болуп калды, андан соң Абрамович жана Дерипаскада, орус мунайы – Абрамович, Дерипаска, Мамут, Березовский, Ходорковский жана башкалардын карамагында. Ири каржы булактарын да еврейлер Смоленский, Авен, Фридман, Раппопорт, Малкин, Ходорковский, Гусинский, Березовский… жана башкалар көзөмөлдөшөт.

 

Еврейлер – Мамут, Березовский, Абрамович – Ельциндин жеке банкиринин ролун аткарып, анын акчага болгон  керектөөлөрүн аткарып калышкан.

 

Өзгөчө белгилеп коё турган жагдай, экономиканы башкарган еврейлердин бул тармакты түп тамырынан бери кыйраткандыгы көзгө көрүнүп турат: Россиянын экономикасы талкаланган, мамлекет өнүгүү деңгээли боюнча отуз жыл артка кетти, сырткы карыз 150 млрд. долларга жетти жана аны Россия стратегиялык мааниси бар ишканалардын акциялары менен төлөөдө, бюджеттин төрттөн бир бөлүгү кредитти төлөөгө сарпталат. Ошол эле учурда экономиканы төмөнкү еврейлер башкарып келишкен: Лившиц, Уринсон, Чубайс, Немцов, Ясин, Гайдар, Примаков, Кириенко (Израитель), бул баары – алардын “эмгегинин акыбети”...

 

Даярдаган К.Жолдошов

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: