Бишкек, “Саясат.kg”. Белгилүү тележурналист Ислам Каримовдун көңүлдөшү болгонун четке кагууда

 

Кезинде Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун басма сөз катчысы болуп иштеген совет доорундагы белгилүү өзбек тележурналисти Лола Хатамова мамлекет башчы менен болгон сүйүү мамилелери тууралуу айтылган ушактардан улам коомчулуктан четтегенин билдирди.

 

Лола Хатамова «Азаттыктын» өзбек кызматына курган эксклюзивдүү маегинде Ислам Каримов менен чырдашкандан кийин алгач жумуштан бошоп, кийин АКШга көчүп кеткенин билдирди. Ал өлкөнүн туңгуч президенти менен сүйүү мамиледе болбогонун, бирок Каримовдун ага карата мамилеси жана анын 1990-жылдардагы карьералык өсүүсү түрдүү ушактарды жаратып, жыйынтыгында алар анын президенттик аппараттан кетишине себеп болгонун айтты.

 

"Ал кезде мен жаңы гана иштеп баштаган жаш кадр болгом жана мамлекет башчынын көңүлүнө жаккыдай эч нерсе деле кылган эмесмин. Анан да ал кезде өзбек коомчулугунда улутчулдук көз караштар күчтүү болгон. Көпчүлүгү Ислам Каримовдун аялынын орус улутунан экенин жакшы билишчү. Ошондуктан айрым орустар айтып жүрүшкөндөй ал орус аялы менен ажырашып, өзбек аял алат деп ойлошкондур. Мен мындай кептердин кайдан чыкканын билбейм, бирок алар менин жумуштан бошошума себеп болгону чын",- деди Хатамова.

 

Ал Ислам Каримов бүтүндөй бир мамлекеттин башчысы болуп алып кичинекей баласы бар жалгыз аялга болгон күчүн көрсөткөнүн айтып, ага карата таарынычын билдирди.

 

Лола Хатамова дагы деле Өзбекстандын жараны экенин жана мекенине тез-тез барып, жаңы мамлекет башчысынан жакшы өзгөрүүлөрдү гана күтүп жатканын айтты.