Украина АКШнын жардамына абдан муктаж. Бул тууралуу Владимир Зеленский Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.

"Абадан коргонууну бардык өнөктөштөрүбүз менен талкуулап жатабыз. Тилекке каршы, ракетага каршы каражат өндүрүүнү кеңейтүү боюнча Америка менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай калды. Европа каржылык колдоо көрсөтүүдө, бирок АКШнын бул маселеде лидерлиги абдан маанилүү", — деген Киев режиминин жетекчиси.

Дүйшөмбү күнү РФ ТИМи украин армиясынын тынч тургундарга жасаган чабуулуна жооп катары Украинадагы чечим кабыл алуу борборлоруна сокку уруларын билдирген. Бул объектилердин баары Киевде жайгашкандыктан министрлик эл аралык уюмдардын дипломаттарын шаардан чыгып кетүүгө, ал эми жергиликтүү тургундарды аскерий жана административдик инфраструктурадан алыс болууга чакырган.

Буга чейин Foreign Policy америкалык аткаминерлерге таянып Украина тыштан жардам көрсөтүлбөсө эки күнгө да жетпей турганын жазган болчу. Журнал АКШдан да көңүл жубатарлык белгилер болбой жатканын белгилеген.

Москва Украинага курал-жарак жөнөтүү НАТО мамлекеттерин жаңжалга түз аралаштырып жатат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров курал жүктөлгөн транспорттун бардык түрү россиялык армия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.

Спутник