Жер титирөөнүн очогу Петропавловск-Камчатскийден 138 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Камчаткада 6,4 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия кабарлайт.
Маалыматка ылайык, зилзала Россия Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Федералдык изилдөө борборунун Камчатка бөлүмү тарабынан катталган.
Жер титирөөнүн очогу Петропавловск-Камчатскийден 138 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Буга чейин 14-январда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы аймактык башкармалыгы Тывада 4,6 баллдык жер титирөө катталганын билдирген.
Булак: Кабар